Сооронбай Жээнбеков: Сот реформасы менин жеке көзөмөлүмдө болот

Автор -
273

«Акылман бабабыз Калыгул олуянын «Адилеттик атка мингизет, ач көздүк көргө киргизет»деген сөзүн эсиӊиздерге салгым келет. Сот деген — адамдар адилеттик издеген акыркы инстанция, судьялар Кудай алдында да, өз абийринин алдында да өтө таза, акыйкат инсандар болушу керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда анын төрагалыгында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин жыйналышында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент реформаны аткарууга милдеттүү мамлекеттик органдар бир ыргакта, бир багытта иш алып баруусу зарыл экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы реформанын жүрүшүн такай мониторинг кылып туруу максатында тиешелүү жумушчу топ түзүлөөрүн айтты. Анын курамына кеӊештин мүчөлөрү да кирет.

Президент Сооронбай Жээнбеков берилген сунуштар менен сын-пикирлерди Өкмөт жана Жогорку сот эске алышы керектигин айтып, Өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлорун парламенттин кароосуна киргизүүнү тездетүүгө чакырды.

«Сот системасын өзгөртүү – коомду өзгөртөт, биздин өнүгүүбүзгө кедерги болгон факторлор жоюлат. Ошондо гана өлкөбүз өнүгөт. Сот-укуктук реформасы менин жеке көзөмөлүмдө болот», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

 

Бөлүшүү