Атамбаевге үй-бүлөсү менен жолугууга уруксат беришти

Автор -
1517

Экс-президенттин улуу уулу Сеид Атамбаевге атасы менен жолугууга уруксат беришти. Бул туурасында Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревге таянып, 24.kg жазды.

Жактоочунун айтымында, УКМКнын Тергөө абагында отурган экс-президент жубайы жана кичүү уулу Кадыр менен да жолукту.

«Атамбаевдин ден соолугу жакшы, эч нерсеге арызданган жок. Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуялар боюнча кылмыш иштин материалдары менен таанышып жатам. Экспертизалардын корутундусу менен жарым-жартылай тааныштым», — деп билдирген Сергей Слесарев.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча бир нече беренелер менен айыпталып жатат. Алдын ала маалымат боюнча бул иш боюнча 12 киши айыпталуучу катары өтүүдө.