Бишкектеги «Бета-Сторес 2» соода борборунун кызматкери тарабынан «Апрель» телеканалынын операторуна кол көтөрүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167 («Тоноо»), 234 («Бейбаштык») беренелери менен кылмыш иши козголду.
Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга аталган телеканалдын оператору «Бета Сторес -2» соода борборунун кызматкерлери видеокамера жана флеш-картасын алып койгонун айтып, арыз жазган. Анын негизинде соода борбордун үч кызматкери 20 жаштагы С.А. жана Д.А. аттуу эки адам жана 23 жаштагы С.Д. аттуу Түркиянын жараны убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Иликтөө уланып жатат.
«16-майда «Апрель» каналы журналисттер мөөнөтү өтүп кеткен азыкты сатып алып, камерага тартып жатканда, гипермаркеттин күзөт кызматкерлери менен өздөрүн «соода борбордун ээлери» деп атаган түрк жарандары келип, кабарчы менен операторлорду жерге жыгып, камераларын күч менен тартып алганын кабарлаган»,-деп айтылат маалыматта.