ӨКМ: Кара-Суу дарыясы бекемделсе, 174 турак-жайды суу каптоо коркунучу жоюлат

Автор -
418

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарындагы Ак-Кыя-1, Ак-Кыя-2 аймактарындагы Кара-Суу дарыясынын жээктерин аска таштар менен бекемдөө боюнча министрликтин өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын башчысы Халилжан Маллаевге быйылкы жылдын иш-планынын мерчемине киргизип, 3 чакырым аралыгына дамба куруу боюнча тапшырма берди.

Министр мындай чечимди жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугуудан кийин кабыл алды.

«Жыл сайын жаз мезгилиндеги мөңгүлөрдүн эришинин, аны коштоп нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен Кара-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, дарыяга катарлаш сол жээгинде жайгашкан 174 турак- жайга суу каптоо коркунучун жаратып келүүдө. Жаз-жай мезгилинде Кара-Суу дарыясынын көлөмү дээрлик 25-30 м3 түзөт. Дарыянын нугунун сыйымдуулугу кээ бир жерлерде мындай көлөмдөгү сууну батыра албай, жээктерин жеп, турак жайларга коркунуч жаратат»,-деп билдиришти  жашоочулар.

«Каражат маселеси тартыш, бирок, мындай кооптуу аймактарда жумуш жүргүзбөсөк болбойт, анткени, суу дарыядан ашып, же дарыяны жарып кетсе, чыгым андан бир нече эсе көп болуп калуусу мүмкүн. Ошондуктан быйылкы жылдын планына 3 чакырым аралыгын киргизип, алдын алуу жумуштарын жасап туралы»,-деди министр.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү