Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келет

Автор -

Өзбекстан президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу 21-майда эки өлкө башчыларынын телефон сүйлөшүүлөрү учурунда белгилүү болду.

Сүйлөшүүлөр учурунда соода-экономикалык жана инвестициялык тармакта мурда макулдашылган келишимдердин аткарылышы дагы талкууланды.

Эки өлкө лидерлери энергетикалык комплекс, металлургия, машинакуруу, электротехникалык өнөр жай тармагында орусиялык компаниялар менен банктардын катышуусундагы келечектүү долбоорлорду даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары быйыл күздө Ташкентте Өзбекстан жана Орусия регион аралык биринчи форумун өткөрүү боюнча макулдашты.

Туризм, маданият, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча программаларды мындан ары дагы кеңейтүү зарылдыгы белгиленип, эл аралык саясат жана аймактык коопсуздук, туруктуулук маселелери талкууланды.

 

Бөлүшүү