Бишкек-Ош жолу: Эки жеӊил унаа кагышып, бир аял каза болуп, жетөө жабыркады

Автор -

Бишкек-Ош унаа жолунда эки жеңил унаа кагылышып, бир аял каза болуп, дагы жети адам ооруканага жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,кырсык 22-майда болжол менен саат 16:30да унаа жолдун 308-чакырымында катталган.

«Audi» жана «Subaru Forester» унаалары кагылышып, натыйжада 36 жаштагы аял окуя болгон жерден каза болгон. Жети адам ар кандай жаракаттары менен Токтогулдагы ооруканага жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү