Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Башкы прокурор 2018-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы, 2018-жылдын 17-майындагы Кыргыз Республикасынын Сот реформасы боюнча кеңешинин чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» 2018-жылдын 22-майындагы Жарлылыгын аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков прокуратура органдары коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти улантууга тийиш экенин жана максатка жетүү үчүн колдо бар ресурстардын баарын колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жакында кол коюлган документердин — Сот реформасы боюнча кеңештин чечимин жана соттук-укуктук реформаны ыкчамдатууга багытталган Президенттин Жарлыгын аткарууга өзгөчө көңүл бурду.

«Башкы прокуратуранын кызматкерлери коорупцияга каршы күрөштүн башында туруп, аны ооздукташы керек», — деп баса белгиледи Президент.

Өткүрбек Жамшитов Башкы прокуратура тарабынан бир нече жумушчу топтор түзүлүп, аларга коюлган милдеттерди аткарууга байланыштуу маселелерди иштеп чыгуу тапшырылганын кабарлады.

Бөлүшүү