Акылбек Жамангулов: Беш жылдан кийин кадрдык тартыштык болушу мүмкүн

Автор -
284

Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Акылбек Жаманкулов өз сөзүндө жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан учурда облус башчылардын кабинетте чай ичип отурушканын сынга алды.

«Өкмөттүн жер-жерлердеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен акимдер өз кабинеттеринен чыкпай чай ичип отурушат. Өкмөт башы тийиштүү чараларды көрүп, аларды кыймылдатышы керек, болбосо анын арты жаман бүтөт»,-деди.

Ошо  менен бирге ал жаш кадрларда азыртадан даярдап баштоону сунуштады.

«Бизде дагы бир беш жылдан кийин кадрдык тартыштык болушу мүмкүн. Ал үчүн жогорку окуу жайларын бүтүргөн жаштарды жумушка орноштуруп, азыртан болочок кадрларды даярдоо зарыл. Өкмөт мамлекеттик органдарды оптималдаштырабыз деп, тажрыйбалуу адистердин баарын кыскартып салды. Тааныш-билиши аркылуу ордунда калган чабал адистер кыйратып деле иштеп бере албайт. Мына, Казакстан «Келечек» программасынын алкагында жаш кадрлардын резервин даярдап алды. Биз болсо баштагы өнөкөттөн арылбай отурабыз», — дейт эл өкүлү