Боом капчыгайында таш кулады. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
«Нөшөрлөп жааган жаандан жана катуу шамалдын натыйжасында Боом капчыгайындагы Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 119-чакырымында шагыл жана таш кулады»,—деп айтылат маалыматта.
Чүй облусунун ЖКККББсы айдоочуларды жолдо сак болууга чакырып, ылдамдыкты жогорулатпоону сунуштайт.