Боом капчыгайындагы жол 12-апрелге чейин маал-маалы менен жабылып турат

Автор -

Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен 5нен 12-апрелге чейин жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 132-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

12-апрелге чейин жол кыймылы саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

Жолго 30-40тай автоунаа чогулганда таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлүп турат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү