Абылгазиев: «Бир айыл – бир продукт» долбоору аймактарды өнүктүрүүдө маанилүү курал болуп саналат

Автор -
233

«Бир айыл – бир продукт» долбоору аймактарды өнүктүрүү ишинде маанилүү болуп саналат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-майда, «Бир айыл – бир продукт» Ассоциациясынын (БАБП) ишмердиги менен таанышуу учурунда.

«Бүгүн Өкмөттүн ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыт болуп аймактарды өнүктүрүү саналат. Коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу жаңы айыл чарба технологияларын жана билимдерди колдонуу менен гана мүмкүн. Айыл чарбасын комплекстүү өнүктүрүү региондордун социалдык-экономикалык абалына оң таасир берип, атамекендик туризмди өнүктүрүүнүн мындан аркы негизи боло аларын белгилей кетүү маанилүү. Долбоордун маанилүүлүгүн эске алуу менен биз мындан аркы кызматташууга даярбыз», — деп баса көрсөттү ал.

Кыргыз Республикасындагы Япония Эл аралык кызматташтык уюмунун (JICA) туруктуу өкүлү Казухико Кикучи бул долбоордун концепциясы айыл жерлеринде кошумча жумуш орундарын түзүүгө, атамекендик айыл чарба продукцияларын чет элдик рынокторго илгерлетүүгө жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.

Анын айтымында, бул жергиликтүү ресурстарга баалуулук берүү, адам потенциалын өнүктүрүү жана жогорку сапаттуу продукциянын маркетинги жолу менен жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүү интеграциялык ыкмасы аркылуу жетишилет. Казухико Кикучи белгилегендей, БАБП Ассоциациясы бул долбоорду өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырууну кеңейтүү пландалууда.

Бүгүнкү күнү БАБП Ассоциациясынын продукциясы Россия, Япония жана АКШга экспорттолот. Чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгууну кеңейтүү жакынкы пландарда турат. Ассоциациянын өкүлдөрүнүн айтымында, Япония калкынын арасында Кыргызстанда өндүрүлгөн ак эспарцет балына суроо-талап көп. Алар чыгарылган продукцияны өндүрүү үчүн жергиликтүү, аймактык гана сырье колдонуларын өзгөчө белгилешти.

Маалымдама: «Бир айыл – бир продукт» Ассоциациясы (БАБП) кийиз буюмдарды, сувенирлерди, бал, жапайы мөмөлөрдөн кыям жана шире өндүрүүгө адистешкен 2000ден ашуун жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн бирикмеси болуп саналат.

Бөлүшүү