Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

Автор -

Оштон барган делегация Ярославль шаарынын 1008 жылдыгына катышты

26-май күнү Россия Федерациясынын Ярославль шаарынын 1008 жылдыгы салтанаттуу белгиленип, ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган делегация барып катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Оштун делегациясы жана башка жактан келген коноктор Ярославль шаарынын тарыхы, маданияты менен таанышып, шаарда жүрүп жаткан бир топ ийгиликтерди көрүштү. Ошондой эле, эки шаардын кызматташуусун арттыруу багытында да сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өз сөзүндө Ярославль шаары менен кызматташуунун алгачкы кадамдары башталгандыгын айтып, мындан ары да ар тараптуу кызматташуу күчөтүлө тургандыгын кошумчалады.

Ярославль шаарынын күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага Советтер Союзунун биринчи аял-космонавты Валентина Терешкова да катышты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-апрель күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн “Мыкты муниципалдык практика” Эл аралык форумунун V-айлампасында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен байланыш, эл аралык мамилелер боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов менен жолугуп, эки шаар ортосунда кызматташуу боюнча протоколго кол коюшкан.

Ярославль шаары – ЮНЕСКОнун тизмесине кирген ири туристтик борбор, ошондой эле, белгилүү «Россиянын алтын айлампасы» маршрутунун негизги пунктарынын бири.

Бөлүшүү