Сокулукта 12 жаштагы бала көлмөгө чөгүп кетти

Автор -
211

«Бишкекке жакын жайгашкан Сокулук айылында 12 жаштагы бала көлмөгө чөгүп кетип, каза болду»,-деп билдирдb ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бала 26-майда Кайназаров көчөсүндөгү көлмөгө түшүп кеткен. Анын жакын туугандары издөө иштеринде көмөк көрсөтүүнү суранып, куткаруучуларга кайрылышкан.

27-майда эртең менен окуя болгон жерде издөө иштери башталып, баланын сөөгү табылып, жакын туугандарына өткөрүлүп берилген.

 

Бөлүшүү