Исаков үчүнчү жолу УКМКга суракка чакырылды

Автор -

Бүгүн, 29-майда саат 14:00гө мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылды.

Буга чейин, 14-майда Сапар Исаков 2-жолу суракка барган.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Бөлүшүү