Камакка алынган «БеспределKG» администратору. Ким ал? (видео)

Автор -

27-ноябрь күнү УКМК аймак аралык кастыкты козутуп жатканы үчүн соцтармактын активдүү колдонуучусу кармалганын билдирген. Кийинчерээкк ал «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков экени маалым болгон.

Улуттук коопсуздук комитети Жоробековго «жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн» деген айып таккан.

Бул арада Жоробековдун карындашы бул маселени чечүүдө жардам сурап, президентке жана Өмүрбек Текебаевге кайрылган.

Бүгүн «БеспределKG» баракчасына камакка алынган Афтандил Жоробеков тууралуу кыска тасма жарыяланды.