Өмүрбек Текебаев президенттин алдындагы ырайым берүү боюнча комиссиянын катына жооп берди.
Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал катты алар Өмүрбек Текебаевге Жазаларды аткаруу кызматы аркылуу өзүнө беришкен. Ал комиссияга ага ырайым берүүгө каршы экенин, анын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу башынан карап, аны толук актоо керектигин айткан.
Мындан сырткары институттан алар өздөрүнүн кайрылуусун кайтарып алышпай тургандыгын, бирок ошол эле учурда Текебаевдин да пикирин угууга милдеттүү болушканын айтты.
Белгилей кетсек, акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.
2017-жылы 16-августта «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып, «Мегакомду» алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп айып коюлуп, 8 жылга эркинен ажыратылган.