Бүгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралат

Автор -

Бүгүн, Биринчи май сотунда саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралат.

Буга чейинки сот отуруму күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылган болчу.

Белгилей кетсек, 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын карап, саясатчылар үй камагына чыгарылып, сот залынан бошотулган.

«Ата Мекен» партиясынын буга чейин түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп келген лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү