Центерра FOREVER?

Автор -

Жакын арада биз баарыбыз каардуу экономикалык жана патриоттук дебаттырдын күбөсү, же болсо катышычуусу да болушу мүмкүнбүз, анткени акыркы учурда биздин сүйүктүү темабыз Кумтөр жөнундө СМИ тарабында көптөгөн жазуу талкуулар башталды. Албетте, бул теманы талкууго салбай, тынч тыштап салса да болот: көптөгөн жолу Акаев-Бакиев учарда түзүлгөн келишимдерди каргап, 2017-чи жылы түзүлгөн келишимди жамандап, ал учун кеткен Исаковдун өкмөтүн баардыгына күнөлүү кылып, анда-санда өтө калыс болбосо да; демек, тынчтанып калса да болот, бир аз бизге калгандын жыргалын көрүп. Бир топ тиштелип калса да, кантсе да, биздин кичинекей жей турган бөлүгүбүз.

Жакын арада биз угушубуз мүмкүн: Кумтөргө «жаңы шыпыргынын» эмнеси кереги бар, Центеррадан колуңарды тарткыла, биздин алтын табып жаткан ишканабыз тынч эле иштеп бүтсүн, анысыз деле бүтөөрүнө бир аз эле убакыт калды.  Ал үн-добуштар сөзсүз эле пайда алуучулар менен сатылып алган эмес болсо да, бул адамдар чыр-чатакты көргүсү келген жок болуш керек.  Биз ырыстуу тамагыбызды алдырып ийсек да, согуш эле болуп кетпесе болду да. Ар кандай добуш-үндөр төлөнгөн болсо да – андан эмне экен!? Азыр – коммерция учуру; биздин журналист достор да ар кандай маалыматтарды жазып, акча табып, салыктарды төлөп, медиа компаниялар киреше алайын деп умтулган убакыт. Ооба, биз – журналисттер, иштегинибиз үчүн акча алабыз, демек, эң негизгиси, канча жумушубузду кыйратып аткарсакта, өз уятыбызды жоготпой, ички көз караштарыбызды эч качан сатпай умтулушубуз керек.

Ал эми Кумтөр маселесине кайрылсак, бир нече кыймыл аракет кылып, өзгөртүүлөр үчүн согуш-уруш баштагандын мааниси барбы? Бир топ ойлонуп, чечтим – ооба, өзгөртүүлөр керек, бирок бир нече эрежелерди сактоо гана менен.

Биринчиси: рационалдуу жана өтө конструктивдүү гана болуш керек.  Биздин өлкөдөгү режимдерди өзгөртүү элибизге өтө кандуу болуп өттү: бир топ жарандарыбыз кайтыш болду. Кумтөр келишимдердин артында кимдердин ачка болуп турган карышкырдыкындай тиштер көрүнүп турганын билебиз (бар гана С.Исаков исключение катары кетет, анткени ал учурда кылмыш эмес, жаңылыш кеткен деп айтсам жаңылбайм). Бул маселеде биз биримдикте рационалдуу болуп, эмоцияга алдырбай, көпчүлүккө биз чын экенибиздин түшүндүрүп иштешибиз керек. Колубузга курал катары калкуляторду алып, санап, бул маселени саясаттырбашка умтулалы.

Экинчиси: (биринчиден чыгат): «өзүң жинди» деген принциптен тартынуу.  Көп учурда, балким туура болсо да, ар кандай адамдарды күнөлөп салуу эң ыңгайлуу көрүнөт, бирок андай ой-пикирлерди «ананкыга» таштайлы.

Үчүнчүсү: убакыт-  өтө маанилүү фактор. Баардыгыбыз билгендей, биздин өлкөдө оор маселелер жылдарга созулуп, чечилип-чечилбей келет, ал эми Кумтөр маселесин айтпай эле коелу. Кумтөр маселесин чечкенге мүмкүчүлүгү бар атка минерлер өз көлөкөсүнөн коркуп турушат.  Ошол эле С.Исаков, балким, жакшы өзгөртүүлөрдү кылайын деп умтулган, бирок өз аракеттери үчүн отурган креслосунан ажырады.  Ар бир созулган секунда ичинде биздин акчаларыбыз чет өлкөгө агып кетип жатат, ошондуктан, биз убакытты чойбошубуз керек! Америка Кошмо Штаттарындагындай саат алып (алар өлкөнүн тышкы карызы канчага көбөйгөнун көрө алышат), биз да ошондой саат алып, биздин чыгашабызды көрсөк болот эле…

Төртүнчүсү: эң негизгиси – биз мыйзам чегинде гана иштешибиз керек. Жолдорду торобой, электроэнергияны өчүрбөй, ж.б. Мындай иштерди аткарганда бизден өтөр жок, чемпионбуз, демек, бир тарыхый персонаж айткандай – биз бир гана жол менен иштешибиз керек, мыйзам жолу менен.

Сиз көргөндөй, бул эрежелер өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү. Кыскартсак, биздин негизги өтүнүч – талаптарыбыз мындай:

Биз Центерранын кулдары эмеспиз, ал бизди сатып алган эмес, жада калса, бизге жакшылыкта кылган эмес.

Центерра менен келишимдерди биз өзгөртүшүбүз керек – ыңгайлуу жана калыстуу кылып.

Биздин өкмөт Центерра менен келишимдерди өзгөртүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү жакын арада башташы керек.

Эң кызыктуусу – калыстуу жана ыңгайлуу деп кандай келишимди атаса болот? Бизнесте калыстык деген чын эле барбы? Менин жообум – ооба, бар, демек, ал калыстыкка жетиш үчүн, эки тарап тең сүйлөшүп, ал калыстыкты каалашы керек. Кыргызстан үчүн, жок дегенде, кирешени жарым-жарым (50/50) бөлүшүү – калыстыктын башаты.  Ал эми киреше боюнча, дивиденд деп көбүнчө аталат, өзүнчө ой-пикирлерим менен бөлүшөт элем.

Негизи, дивиденд бөлүштүрүү принциби өтө оңой: иштерди жүргүзүү, салыктарды жана башка чыгымдарды төлөө, аягында калганды – бөлүштүрүү. Мындай схемада бардык катышычуулардын максималдуу эффектен кызыгы бар: көбүрөөк киреше (доход), азыраак чыгаша (расход), ошончо көбүрөөк пайда (прибыль). Биздин пайда менен эмне болуп жатканын кайдан көрсөк болот? Пайдабыз аталып кеткен принцип менен бөлүштүрүлүп жатабы? Чыгаша менен кирешенин түзүлгөн процесстерине биз канча таасир эте алабыз? Кайдадыр уктум эле – биз ар бир акцияга чектелген пайда алабыз деп, чын эле ушундайбы?

Чектелген пайда – бул эмне, бизге буну түшүндүрө алган адам барбы? Ал компаниянын коммерциялык ишкердиги менен байланыштуубу? Компаниянын кирешеси 100 миллион болсо, биз 10 миллион алабызбы? Кирешеси 20 миллион болсочу, биз кайра эле 10 миллион алабызбы? Центерра кирешесиз иштесе да, Кыргызстан толтура пайда алабы? Анын баары калп: чыныгы капиталист эч качан өзүнүн кызыкчылыгына каршы иштебейт, андай болбойт. Ойлонуп көрөлүчү; Кумтөрдөн чыккан алтын өтө-өтө рентабелдуу деп эсептейли, анда деле биздин Центеррадагы 26,6 пайызыбыз жана акция баасына чектелген пайдабыз деле чындык киреше бөлүштүрүү процессин көрсөтөбү? Ойлонолучу, азыркы келишимдер бир «жакшынакай» күнү, Кумтөрдө кен байлыктар түгөнгөндө, азыркы ставкаларды жана киреше бөлүштүрүү процесстерин өзгөрткөнгө Центеррага укук береби? Ошондой болсо, Кумтөр маселеси биз ойлогондон да жаман жана коркунучтуу. Бул суроолорду сураган себебим – аларга бир жерден да татыктуу жооп тапкан жокмун. Балким сиздер өзүңүздөр, же жооп табып бере турган татыктуу адамдарды билесиздер.

Балким, киреше бөлүштүрүү  калдык принциби менен иштелип жатат: эмне калса – ошону бөлүштүрмө? Анда деле азыркы абал жакшы эмес: жакын арада биздин бөлүк нөлгө түшөт. Ошондо, биздин жомокчулар эмне гана деп айтпасын, Кыргызстан Центерранын чет өлкөдөгү активдеринен эч нерсе албайт. Бул нерсе мага – гуманитардык билим менен иштеп жүргөн журналистке да түшүнүктүү. Жакынкы арада бөлүктү кандай нөлгө түшүрүш техникаларын үйрөнүп, сиздер менен бөлүшөм.

Биз көргөндөй, маселелер абдан көп, аларды жакынкы арада чечиш керек. Биздин үчүнчү эрежени эске алып койгула: убакыт Центеррага иштеп жатат. Центерранын башкармалыгы убакытты созгонго өтө көп аракет жумшайт. Сунушталган саат жөнүндө да эске алып койгула: тик-так, тик-так, тик-так деген бойдон биздин акчаларыбыз чет өлкөлөргө агып кетип жатат.

 

Искен Жаныбеков эркин журналист

 

Бөлүшүү