Астана Кытайдагы этникалык казактарды бошотууну суроодо

Автор -

Казакстан менен Кытай дипломаттары Кытайдан Казакстана кайтып, жарандык алган этникалык казактардын жагдайы тууралуу маселени талкуулашты.  Бул тууралуу Казакстан ТИМи билдирет.

Министрлик кабарлагандай, Пекинде өткөн кеңешмеде эки тараптуу кызматташтык, эки өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселеси талкууланды.

Казакстан ТИМи Кытайда кош жарандык үчүн кармалган этникалык казактардын ишин адилет карап, аларды бошотуу өтүнүчүн билдирди. Жолугушуунун катышуучулары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районудагы этникалык казактардын маселесин чечүүдө бирге аракет жасоо боюнча макулдашты.

Мындан тышкары эки өлкө ортосундагы виза режимин жеңилдетүү маселеси талкууланды.

“Азаттыктын” казак кызматы буга чейин Кытайдагы этникалык казактардын жапырт кысымга учураганы, кармалганы жана «саясий жактан кайта тарбиялоо жайына» түшкөнү тууралуу жазган.

Кытайда казактар негизинен Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Иле-Казак автономдуу аймагында, Алтай, Тарбагатай жана башка аймактарда, Үрүмчү шаарында жашайт. 2000-жылдагы эл каттоого ылайык, алардын саны бир миллион 250 миңге чамалайт. Казактардын өздөрү Кытайдагы санын эки миллионго жетет деп санашат.

Бөлүшүү