Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалган Дарданов ким? (өмүр баяны)

Автор -
529

Бүгүн, 30-майда Дарданов Нурлан Камалбекович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Нурлан Дарданов 1975-жылы туулган. Ал 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси.

 Эмгек жолу:

-1993-жылы Талас районунун прокуратурасында стажер-тергөөчү;

-1997-жылдан 2005-жылга чейин Талас облусунун прокуратурасында ар кандай кызматтарда иштеген;

-2005-жылдан 2006-жылга чейин Талас районунун прокуратурасында прокурордун орун басары;

-2006-жылдан 2010-жылга чейин Талас облусунун прокуратурасында кылмыш иштерин иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

-2010-жылдан 2013-жылга чейин Ыссык-Көл облусунун Тоң районунун прокурору;

-2013-2016 жылдары – Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары;

— 2016-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана каттоо Башкармалыгынын башчысы;

-2017-жылдын июль айынан баштап 2018-жылдын май айына чейин Нарын облусунун прокурору;

2018-жылдын 30-майында  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бөлүшүү