Сапар Исаковго ЖЭБ боюнча кылмыш иши козголду

Автор -

29-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго коррупция беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Исаковго Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралды. Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары даражасындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында туруп, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш-аракеттерди кылуу аркылуу подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деп жазылат маалыматта.​

Сапар Исаков кече саат 14:00дө сурак бериш үчүн УКМКга келген. Ал буга чейин Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары 14-майда жана 26-апрелде атайын кызматка сурак берип чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү