Шашылыш билдирүү: бүгүн өлкө аймагында катуу шамал болушу күтүлүүдө

Автор -
240

Бүгүн Кыргызстанда ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жеткен шамал болушу күтүлүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей,  Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганы болжолдонууда.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамды секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.

Белгилей кетсек, бүгүн 30-майда өлкө аймагында түнкүсүн жамгыр жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймакта жамгыр жаайт.