ЖКда кылмыш иши козголгон вице-премьер Аскарбек Шадиевдин кайда экени айтылды

Автор -

Депутат Рыскелди Момбеков: «Мында «башкы» прокурордун отчету эмес, «башка» прокурордун отчету болуп жатат. Мен 2018-жылдагы жумуштар боюнча сурайын. Кылмыш иши козголгон  мурунку ЖКнын депутаты Аскарбек Шадиев каякта?»-деп суроо салды.

Баш прокурор да, УКМКнын өкүлү Асылбек Кожобеков да жооп бере алышпады. Алар учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын айтышты.

«Анын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Азырынча тергөөгө келе элек. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча ал Кыргызстандан чыккан эмес»,-деди Кожобеков.

Белгилей кетсек, Бүгүн, 30-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында отчет берүүдө.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү