Улуттук илимдер академиясынын директорлору дайындалды

Автор -

Бүгүн, 30-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илим-изилдөө мекемелеринин директорлору дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР УИАнын президиумунун токтомунун негизинде төмөндөгү директорлор бекиди:

Математика институту  – академик, физика-математика илимдеринин доктору Бөрүбаев Алтай Асылканович;

Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту – корреспондент-мүчө, техника илимдеринин доктору Кожогулов Камчыбек Чоңмурунович;

Ж.Жеенбаев атындагы Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институту– физика-математика илимдеринин доктору Жеенбаев Нурбек Жаныбекович;

Сейсмология институту – геология-минералогия илимдеринин доктору Абдрахматов Канат Эрмекович;

Биотехнология институту – корреспондент-мүчө, ветеринария илимдеринин доктору Жунушев Асанкадыр Темирбекович;

Химии жана фитотехнология институту – биология илимдеринин доктору Шалпыков Кайыркул Тункатарович;

Тоо физиологиясы жана медицина институту – медицина илимдеринин доктору Джунусова Гульнар Султановна;

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту– академик, филология илимдеринин доктору Акматалиев Абдылдажан Амантурович;

Дж.Алышбаев атындагы Экономика институту – экономика илимдеринин доктору Дыйканбаева Токтобүбү Саякбаевна;

Тарых жана маданий мурас институту – корреспондент-мүчө, тарых илимдеринин доктору Асанканов Абылабек Асанканович;

А.Жаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институту – химия илимдеринин доктору Жоромамат Арзиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү