Ош шаарында «Балдар биздин келечегибиз» аттуу кайрымдуулук акциясы өттү

Автор -
650

Бүгүн,  31-май күнү Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан «Балдар биздин келечегибиз» аттуу кайрымдуулук акциясы өттү. Ага Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары,  мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана «Боорукердик» балдар үйүнүн тарбиялануучулары катышты.

Маалыматка ылайык, жаштар комитети 100гө жакын балдарга шахмат турнирин, жерге сүрөт тартуу, пластилинден кол өнөрчүлүгүн көрсөтүү боюнча конкурстарды уюштуруп, белектерин тапшырышты. Ошондой эле, балдар беттерине аквагрим тарттырышты.

Мындан тышкары балдарга,  ата-энелерине жана мугалимдерине «Этно Ош»  эс алуу комплексинде сыйлуу тамак тартууланды.  Ал концерттик программа менен коштолуп, Ош облустук куурчак театрынын жомоктору көрсөтүлдү.

«Аталган иш-чара «Региондорду өнүктүрүү жылына» карата, 1-июнь Балдарды коргоонунун Эл аралык күнүнө жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган бир айлык кайрымдуулук акциясынын алкагында уюштурулду»,-деп билдирди Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымынын милдетин аткаруучу Бибигүл Абдыкадырова.

Бөлүшүү