Грузия премьери отставкага кетүүдөн баш тартты

Автор -

Грузия премьер-министри Георгий Квирикашвили өз каалоосу менен отставкага кетүүдөн баш тартты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн өкмөттүк сайтында жарыяланды.

31-майда Тбилисиде парламент имаратынын алдында бир нече миң киши чогулуп, былтыр декабрда киши колдуу болгон эки өспүрүмгө байланыштуу кылмыш ишин аягына чыгарбаган аткаминерлерди жазалоону талап кылган.

Маркум балдардын биринин атасы Заза Саралидзе башкы прокурор жана мекеменин башка кызматкерлери кылмышкерди калкалап, далилдерди жок кылып коюшкан деп эсептейт. Жыйынтыгында сотто киши өлтүрүүгө шектелгендердин күнөөсү аныкталбай калган.

Каршылык акциянын катышуучулары алгач башкы прокурор Ираклий Шотадзенин отставкасын талап кылышкан. Ал кызматынан кеткен. Бирок нааразы тарап буга канааттанбай, кийин Грузия өкмөт башчысынын отставкага кетишин сурашкан.

Квирикашвилиге акцияда сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес, буга байланыштуу ал брифинг өткөрүп, кылмыш ишин өлкөнүн ИИМ башчысы Георгий Гахария жеке көзөмөлүнө аларын билдирди.

Жумага караган түнү 200дөй киши парламент имаратынын алдындагы аянтта тигилген чатырларда түнөдү. Алар бүгүн дагы акцияларын улантууга ниеттенишүүдө.

Бөлүшүү