Депутат күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты, билим берүүнүн отличниги Тазабек Икрамов күрөш боюнча ардагерлерд арасындагы өткөн дүйнө чемпионатында коло байгени багындырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, күрөш боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионаты Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүүдө.

Күрөштүн грек-рим түрү боюнча 70 килограмм салмакта күч сынашкан Тазабек Икрамов коло байге үчүн таймашта түрк спортчусу Орхан Тикацты 4:0 эсебинде жеңди.

Балбан эл өкүлү мелдештин 8/1 финалында венгриялык Золтан Шоллени 9:0 эсебинде, ал эми чейрек финалда Финляндия балбаны Олави Лейтону да 9:0 эсебинде “көтөрүп чапты”. Жарым финалда болсо тилекке каршы ирандык балбанга жеңилип калган.

Бөлүшүү