Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда өлкөнүн Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.
Президент Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга өзгөчө көңүл бурду.
Ал бул окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.
«Милициянын чектен чыккан шалаакылыгынан, жоопкерсиздигинен жана өз ишин билбестиктен улам болгон бул окуяга коомчулуктун кыжырданып жатышын туура түшүнүү керек. Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керек. Алар кызматтарынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын коомчулук күтүп жатат. Ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартипти бекемдөө боюнча жумушту күчөтүү зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал балдар менен үй-бүлөнү коргоо, балдар жана аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган мыйзам базасын жакшыртуу маселесин карап чыгууну сунуш кылды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуянын мындан ары кайталанбашы үчүн чечимдер кабыл алынып, буга жол берген ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана жетекчилерге карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Өкмөттүн 2017-жылы кабыл алынган 2017-2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча Программаны ишке ашырууну жеке көзөмөлүнө ала турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Абылгазиев никеге күчтөп тургузуу, ошондой эле кыз ала качуу тажрыйбасы токтотулушун талап кылган.