Өкмөт башчы чек араны кайтаруу жана коргоону күчөтүүнү тапшырды

Автор -

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн күч түзүмдөрүнө Баткен облусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргыз-тажик тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү тапшырмасын берди, деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

Укук коргоо органдарына аймакты туруктуу кайтаруу жүргүзүү, чектеш аймактардагы жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана окуянын чыңалышына жол бербөө үчүн чаралардын бардык топтомун ишке ашыруу тапшырылды.

 Муну менен катар Өкмөт башчы кырдаалды тез арада жөнгө салууyну жана чыңалууну толук жоюу үчүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессин күчөтүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча ишти илгерилетүүгө чейин кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалдын курчушуна алып келбөө үчүн  чараларды кабыл алуу керектигин өзгөчө баса белгиледи.

Бөлүшүү