Багдад: курал-жарак кампасындагы жарылуудан кеминде 16 киши мерт болду (Видео)

Автор -
221

6-июнь кечинде Багдаддагы курал-жарак кампасында болгон жарылуудан кеминде 16 киши мерт болуп, ондогон адам жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн полициясындагы булактар кабарлашты.

«Курал-жарак кампасы жарылды… Коопсуздук органдары жарылуунун себептерин аныктоо үчүн тергөө иштерин башташты», — деп билдирди булак.

Анын айтымында, жарылуу куралдуу топтордун бирине таандык оор курал-жарактын жарылышына байланыштуу болушу мүмкүн. Маалыматка караганда, жарылуудан кеминде 16 киши мерт болуп, дагы 90го жакын адам жаракат алган. Медицина кызматкерлери каза болгондордун санын ырастап, алардын арасында балдар менен аялдар дагы бар экенин билдиришти.

Жарылуу шийиттер көп жашаган Садр-Сити кварталындагы мечитке жакын жерде болгон. Күбөлөр шийит диний ишмери жана козголоңчулардын лидери Муктады ас-Садранын таянычы эсептелген бул райондогу турак-үйлөр менен башка курулуштар дагы зыянга учураганын айтышууда.

Иракта 12-майдагы парламенттик шайлоодо ас-Садрдын блогу парламенттеги эң көп оорунга ээ болгон. Шайлоодогу бурмалоолор ыктымалдыгы боюнча арыздануулардан кийин парламент 6-июнда добуштарды кайра санап чыгуу чечимин кабыл алган.

Бөлүшүү