Кабулда жанкечти өзүн жардырып, элүүдөн ашык киши көз жумду (Видео)

Автор -

Кабулда диний кызматкерлер чогулган жерде жанкечти өзүн жардырып, элүүдөн ашык киши көз жумду. Бул тууралуу Ооганстан ИИМинин расмий өкүлү билдирди.

Чабуулдан 80ден ашуун киши жарадар болду.

Иш-чара өтүп жаткан имарат Кабул аэропортунун жанында жайгашкан.

Ислам жана диний агартуучулукту иликтеген жүздөгөн мусулмандар студенттер менен бирге маданият фестивалынын алкагында салттуу Куран окуу жөрөлгөсүн өткөрүп жатышкан.

Азырынча кыянаттыкты ким жасаганы белгисиз. Бул кол салуу ооган баш калаасында соңку айларда орун алган эң кандуу чабуул болду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү