Чет өлкөдөн мыйзамсыз жүк ташып келген унааларга салынуучу айыптардын өлчөмү жогорулатылат

Автор -

Чет өлкөдөн мыйзамсыз жүк ташып келген унааларга салынуучу айыптардын өлчөмү жогорулатылат. Ошондон улам, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Биздин жарандар чет өлкөлөрдө жүк ташууда мыйзам бузса, ири суммадагы айыпка жыгылышат. Ал эми жергебизде жүргөн чет өлкөлүк жүк ташуучулар үчүн салынып келген айып өлчөмү болор-болбос каражатты түзөт. Бул теңсиздикти жоюу үчүн жана өлкө аймагындагы жүк ташуу тартибин бекемдөө максатында мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилмекчи.

Буга чейин айып өлчөмү жеке жактар үчүн 10 миң сомго чейин болсо, эми аны 20 миң сомго чейин көбөйтүү жагы каралууда. Ал эми юридикалык жактар үчүн мурдагыдай эле 50 миӊ сом боюнча кала берет. Бул тууралуу транспорт жана жол министрлигинин өкүлү билдирди.

Депутат Улан Примов бул мыйзам долбоорунун чет өлкөдөн жүк ташуучуларга эле эмес, ички жүк ташуучуларга да тиешеси бар экенин, мындай жагдай жүк ташуучулардын арасында нааразычылыктар жарала турганын, азырынча мыйзам долбоору чийики экенин белгилеп, өз кесиптештерин мыйзам долбоорун колдобоого же экинчи окуунун режимине кайтарууга чакырды.

«Мурдагы окуу жүрүшүндө бул тууралуу айтылган эмес, азыр ачыкка чыгып отурат», — деди ал.

Ал эми депутат Аалы Карашев мында коррупциялык тобокелдиктер да бар экенин кошумчалады.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү