Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу мас абалында болгон

Автор -

«Дүйнөнүн сулуу айымы» конкурсунун катышуучусу Сания Шакирова каза болгон жол кырсыгында унаанын айдоочусу мас абалында болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады.

«Жол кырсыгынан соң экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында 31 жаштагы айдоочу спирт ичимдигин ичкени аныкталды. Бүгүн сотто айдоочунун бөгөт чарасы каралат»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-июнда болгон жол кырсыгы «Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси Сания Шакирова каза таап, айдоочуну кошкондо эки адам жабыркаган.

30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн «Miss Universe Beauty-2018» сынагына катышып, «Дүйнөнүн сулуу айымы» аталган. Маркумдун артында үч баласы калды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү