Чоң Чүй каналына бир адам түшүп кетти 

Автор -
256

Кечээ, 6-июнда калаадагы Чоң Чүй каналына бир адам түшүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык болжол менен саат 11:48дер чамасында Абдрахманов көчөсүндөгү каналда болгон.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, саат 15:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бирок натыйжа болбогондуктан куткаруу иштери токтотулган.

«Учурда ИИМ кызматкерлери тарабынан адамдын сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалыматты тактоо иштери жүргүзүлүүдө»,-деп кабарлашты ӨКМден.

 

Бөлүшүү