8-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Бүгүн, 8-июнда күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн жаан жаабайт.

Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18, күндүзгү жогорку температурасы 29…31.