Сооронбай Жээнбеков КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту (фото)

Автор -
339

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июнда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында  Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Ли Кэцян 2016-жылдагы Кыргызстанга өзүнүн визитин эскерди.

КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Кытай сыяктуу эле Кыргызстан да эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн аракеттерди көрүп жатканын канаттануу менен белгиледи. Ал «Бир алкак — бир жол» программасына жана Кыргызстандын өнүгүү стратегиясына ылайык Кытай тарап Кыргызстан менен болгон мамилелерди бекемдөөнү каалай турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Ли Кэцян Кыргызстандан экологиялык жактан таза сапаттуу айыл чарба продукцияларды экспорттого Кытай кызыкдар экенин белгиледи.

КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери ошондой эле бүгүнкү күндө Кытайда электромобилдерди өндүрүү динамикалуу өнүгүп жатканын да белгиледи. Кытай тарап бул жаатта, ошондой эле саламаттык сактоо, туризм жана калкты таза суу менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндө кызматташууну жолго салууга даяр.

Ли Кэцян Президент Сооронбай Жээнбеков айткан кызматташуунун бардык багыттары карала турганын айтып, эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү экенин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ли Кэцян менен жолугушууга канааттанганын билдирип, анын Кытайга визити эки тараптуу кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөнүн баса белгиледи.

«Тяньцзин шаарында өткөн  „Жайкы Давос-2016“ Дүйнөлүк форумунда жана 2016-жылдагы Сиздин Кыргызстанга расмий визитиңиздин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Сиз менен жолугушууларды жылуу сезимдер менен эскерем», — деп белгиледи Мамлекет башчысы жана Ли Кэцянды  Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери кызматына кайра шайланышы менен куттуктап, анын бай тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү Кытайдын жаңы жетишкендиктерине, анын ичинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достукту жана өз ара ишенимди чыңдоого өбөлгө болооруна ишеним билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу достук жана ачык маанайда өткөнүн, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги негизги маселелер талкууланганын, дүйнөнүн чечүүчү региондорундагы кырдаалдар боюнча пикир алмашуу болгонун белгиледи.

«Биз Кыргызстан менен Кытай ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол койдук. Биздин мамилелерибиз жаңы, бийигирээк деңгээлге чыкты. Биздин өлкөлөр ортосунда достуктун, жакшы кошуналыктын жана өз ара ишенимдин негизинде жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу толук өз ара түшүнүшүү бар», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда 2018-жыл Президенттин Жарлыгы менен Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын баса белгиледи. Ал Кыргызстандын калкынын 60 пайызы элет жеринде жашай турганын жана калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси өлкө үчүн  өтө актуалдуу экенин айтты. Ушуга байланыштуу ал ушул багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө Ли Кэцяндын көңүлүн бурду.

Жолугушууда ошондой эле бир катар өз ара пайдалуу жана болочоктуу багыттарда эки тараптуу алакаларды тереңдетүүгө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү да талкууланды. Тактап айтканда, энергетика, транспорт, билим берүү, илим, маданият, айыл чарбасы, туризм, инфраструктуралык долбоорду өнүктүрүү.

Бөлүшүү