Лейлек районундагы сел жүргөн аймактарда жалпысынан 16 турак үй, 1 бала бакчанын короолору, 25 турак үйдүн жер тилкелери сел сууларынан тазаланып, 17,5 чакырым ички чарбалык жолдор, 2,4 чакырым ички чарбалык арыктар калыбына келтирилди. Ошондой эле 200 метр суу түтүкчөсү, 3 даана ички чарбалык көпүрө, 4 даана электр мамычалары ондолду.
Эске сала кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда 2018-жылдын 9-10-11-июнь күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент жана Маргун айыл аймактарында сел жүргөн.
Селдин кесепетинен жалпы район боюнча 16 турак үйгө сел суулары кирип, 1 бала бакчанын, 112 турак үйдүн жер тилкелерин, 27 чакырым ички чарбалык жолдорду, 5,7 чакырым ички чарбалык арыктарды, 1 чакырым суу түтүктөрүн, 370м дамбаны, 6 даана ички чарбалык көпүрөнү, 4 даана электр мамычасын сел суулары каптаган. Ошондой эле 21 баш ири мүйүздүү малдарды сел суусу агызып кеткен. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине алгачкы күндөрү өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өзү жетекчилик кылган. Турак жайлары жабыркаган жарандарга чатырлар тигилип берилип, ошол жакка көчүрүлүп чыгарылды.