Лейлекте жол кырсыгы катталып, 6 жаштагы бала каза болду (фото)

Автор -

Лейлек районунда «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылып, 6 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу Исфана—Андарак унаа жолунун 13-15-чакырымында башкарууну жоготуп, сайга түшүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен 2013-жылы туулган К.Б. ошол жерде каза болгон. 38 жаштагы айдоочу М.Ж. жеңил жаракат алган. Куткаруучулар унааны ачып, каза болгон баланы чыгарып беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү