Жээнбеков Москвага мекендештер менен бирге катардагы каттамда учту

Автор -

КР президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Москвага башка мекендештер менен бирге катардагы каттамда учуп кетти.

КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, мамлекет башчысын басма сөз кызматынын, протоколдук бөлүмдүн жана мамкүзөттүн бир нече кызматкери гана коштоп жүрөт. Ага байланыштуу №1 борттун кызматын колдонбоо чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, мурда президент Жээнбеков Ошко катардагы каттам менен учуп, бир тууган агасынын жылдыгына барып келген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү