Орусиянын «кара тизмесинде» 60 миңдей кыргызстандык бар

Автор -

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын «кара тизмесинде» бүгүнкү күндө 60 миңдей кыргызстандык бар.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдиргенин 30-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттиги кабарлады.

Эки жыл мурда, Имангазиевдин белгилешинче, бул сан 100 миң адам болчу.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, каттоосуз жашап, иштеген, убактылуу жашаган жери менен документте көрсөтүлгөн жайы дал келбеген жана башка эрежелерди бузган чет элдиктер «кара тизмеге» илинет. Алар депортацияланып, беш жылга чейин Орусияга киришине тыюу салынат.

 

Бөлүшүү