Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган

Автор -

Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. 1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылдары жаңылаган.

Учурда аталган иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 18-июнда Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотто каралып, соттун жүрүшүндө прокурор Кулматовго карата дагы башка кылмыш иш козголгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү