Прокурордун орун басары 60 миӊ сом пара алып жаткан учурунда кармалды

Автор -

Ушул жылдын 16-октябрында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны алып жаткан учурунда  Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары «А.Н.К.» жана Жети-Өгүз райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү «Б.Э.Б.» кармалды.

Такталган маалымат боюнча «А.Н.К.» тергөөчү «Б.Э.Б.» менен биргеликте КР жараны «Э.А.» кылмыш ишин кыскартуу үчүн 100 сом өлчөмүндө пара талап кылып, 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар КР УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө ыкчам иштери жүрүп жатат.