Душанбеде кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр уланат

Автор -
278

Бүгүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган делегациялардын сүйлөшүүлөрү уланат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, “Туруктуу өнүгүү үчүн суу” деп аталган эл аралык конференциянын алкагында эки тарап жолугуп, бир катар маселелерди талкуулашкан. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын ар тараптуу кызматташтыгы, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси да каралган. Чектеш аймактардагы чыр-чатактарды биргелешип жоюу маселеси да сөз болгон. Жыйындын алкагында ушул эле форматта дагы сүйлөшүүлөр өтөт.

Жолугушууларда эки мамлекеттин транспорттук байланыш, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана суу-энергетикалык тармактар боюнча алакалары да каралууда.

2018-2028-жылдарга карата белгиленген “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” планын талкуулоо жыйыны Дүйшөмбү шаарында 22-июнга чейин уланат.

Маалым болгондой, 9-июнда Кытайда Шанхай Кызматташтыу Уюмунун саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушуп, чек ара маселелерин тез арада чечүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

Бөлүшүү