Чүйдө 17 жаштагы өспүрүм көлмөгө чөгүп кетти

Автор -
227

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 17 жаштагы өспүрүм көлмөгө чөгүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 24-июнда саат 02:00 чамасында болгон.

«Энергетик дачасындагы көлмөгө чөккөн 2001-жылы туулган Ж.у Н.нын жансыз денесин куткаруучулар саат 10:40 чамасында суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.