Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринен экстремисттик маанидеги материалдар алынды

Автор -

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Сокулук районунан 48 жаштагы Б.К. тыюу салынган диний көз караштагы материалдарды жайылтууга шектелип кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жарандарды үндөгөн Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдун мүчөлөрү аныкталып, алардын бири жашаган Аламүдүн районундагы үйлөрдүн бирине тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда 6 китеп, 19 баракча жана башка тыюу салынган диний көз караштагы материалдар жазылган бир нече брошюралар алынган.

Алынган материалдарда: «Аль-Ваъи саясий», «Идарий Топтом», «Халифалык мамлекетиндеги малия» жана башка маанидегилер болгон. Баардык материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү