УКМК: 2 айдын ичинде 117 кылмыш иши козголду

Автор -

2018-жылдын май-июнь айларынын аралыгында КР МУКК ККК тергөө бөлүмдөрүнүн жана башка укук коргоо органдарынын материалдары боюнча 117 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,козголгон 117 кылмыш ишинин ичинен 60 кылмыш иши коррупциялык багытта болду.

Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо жана мыйзамсыз чыгарып кетүү ( кошумча нарк салыгын мыйзамсыз кайтарып алуу) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келтириген чыгымдын жалпы суммасы 1 млрд. 150 млн. 545 миң. 549 сомду түзүп, алардын ичинен 95 млн. 478 мин. 692 сом мамлекеттик бюджеттин пайдасына түшкөн.

Башка козголгон кылмыш иштери боюнча аныкталган чыгым 519 млн. 219 миң. 937 сомду түзгөн.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү