Аламүдүн-1 кичи районундагы батирден 77 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Автор -
374

Кечээ, 25-июнда Бишкек шаарындагы батирдин ичинен 77 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучулар саат 17:00 чамасында Аламүдүн-1 кичи районундагы №445 үйдүн 66-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

«Батирдин ичинде 1941-жылы туулган У.Н. (аял киши) аттуу жарандын жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.