Кыргызстанда соттордун «кара тизмеси» түзүлөт

Автор -
262

Жарандык коом өкүлдөрү мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун атайын реестрин түзөт. Бул тууралуу казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевдин Казакстанга өткөрүлүшү боюнча талкуунун жүрүшүндө жарандык активист Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, «Бишкектин Октябрь райондук соту Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча чечимди мыйзамдарды одоно бузуу менен сот адилеттигин көзгө илбей чыгарды».

— Биз мыйзам бузган судьялардын «кара тизмесин» түзөбүз. Биз аларды мыйзам чегинде жазага тартуу боюнча бардык аракеттерди көрөбүз. «Атамбаевдин учурунда орун алган башаламандык Жээнбеков келген учурда токтойт, башка адам келди, эми эл аралык аренада бизди уят кылбайт» деп кол чапкан элек. Бирок биздин өлкөдө эч нерсе өзгөргөн жок.

Карасартова Кыргызстанда демократиянын абалы бекемделбей, артка кетип жатканына өкүнөрүн кошумчалады.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдоду. Ошону менен башкы көзөмөл органынын чечимин жокко чыгаруу боюнча адвокат Нурбек Токтакуновдун арызы четке кагылды.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат.

Астана блогерди «өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу« кыймылын колдойт» деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Буга чейин «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. Уюм тараткан билдирүүдө активист Казакстанга өткөрүлсө кыйноого жана саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экени эскертилген.

Бөлүшүү