Ош шаарынын А.Каримов көчөсүндө (№25 үйдүн жанында) 2 күн табигый газ болбойт.
«Оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу 26-27-июнда аталган шаардын А.Каримов көчөсүндө жаратылыш газын берүү токтотулат»,-деп «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.