«Евразия» эл аралык кинофестивалына Кыргызстандан алты тасма катышат

Автор -
229

Казакстанда өтө турган «Евразия» эл аралык кинофестивалына Кыргызстандан алты тасма катышат. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, иш-чара 1-7-июль күндөрү Астана шаарында өтөт.

Фестивалдын негизги максаты — тасма тартуу тармагындагы эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу.

Эл аралык кинофестивалга катышуучу тасмалар:

  1. «Сулaйман-Тоо», реж. Елизавета Стишова, Россия, Кыргызстан, Польша, 2017
  2. «Өмүр», реж. Чолпонай Бөрүбаева, Кыргызстан, 2018
  3. «Саякбай», реж. Эрнест Абдыжапаров, Кыргызстан, 2017
  4. «Түнкү кырсык», реж. Темир Бирназаров, Кыргызстан, 2017
  5. «Жалгыз кайыӊ», реж. Дальмира Тилепбергенова жана «Чүкөлөр» продюсери Артур Веэбер, Кыргызстан — Россия

Белгилей кетсек, эртеӊ 28-июнь күнү саат 17:00дө режиссер Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасынын бет ачары болот.

Бөлүшүү